“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Медицина кызматкерлери сыйланды

4 Июль 2017 жыл 19:39
Көрүүлөрдүн саны: 157

Ак-Талаа районунда    бир катар медицина кызматкерлери  кесиптик майрамына карата  сыйланышты. Сыйлоо аземи райондук маданият үйүндө өтүп, ага    райондогу бардык медицина кызматкерлери   жана  жергиликтүү  бийлик өкүлдөрү  катышты.

Өмүр сакчыларын кесиптик майрамы менен  райаким   С.Мырзабеков,  орун басары  Ж.Мамбетова, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин  райондук координатору К.Карагулова жана башка өкүлдөр куттукташты.

Салтанаттын жүрүшүндө  аталган тармакта  эмгек синирген  кызматкерлерге саламаттыкты сактоо министрлигинин, райадминистрациянын, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Ардак грамоталары , Ыраазычылык каттары жана  “Саламаттыкты сактоонун мыктысы” төш белгилери тапшырылды. Өмүр сакчыларынын кесиптик майрамына арналган иш-чара маданият үйүнүн чыгармачыл жамаатынын концерти менен коштолду.

Даярдаган:  Нурбек кызы Аймырза