“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Тышкы Иштер Министрлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду

15 Июль 2017 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны: 123

2017-жылдын 14-июлунда индия тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, КР Президенти А.Атамбаевдин Индияга жасаган мамлекеттик визитинин (2016-жылдын декабрь айындагы) жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдердин ишке ашуусунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн салтка айланган достук мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого эки тараптуу умтулгандыктын жана алдыдагы биргелешкен иш чараларды жүзөгө ашырууда өз ара активдүү аракеттенүүнүн маанисин белгилеп кетишти.

Министрлер мындан ары да күн тартибиндеги эки тарапка маанилүү маселелер боюнча тыгыз байланышта болуп туруу тууралуу макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын ТИМнин  маалымат кызматы