Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылынын тургуну Айтбеков Улан жубайы Тенирбердиева Мээрим менен бирге жаңы эс алуучу жай ачты. Казарман-Баетов жолундагы бул чайкана “Асанбек ата” деп аталып, Ак-Чий айылынын тушундагы Мыкачы суусунун жээгинде жайгашкан.

Жубайлар бул жол менен каттаган сапардагы адамдарга, туристтерге, эс алуучуларга койдун жана тооктун этинен даярдалган шашлык сунушташат.

Уландын айтымында азыр жаңы ачылгандыктан айылдын тургундары жана сапардагылар дайымкы кардарлары. Күнүгө ондон ашык буйрутма түшөт.Буйрутмага жараша кардардын талабы менен даярдап беришет. Келгендер таза абада, суунун жээгинде эс алышат. Узак жолдо жүргөндөр үчүн орто жолдон тамактанып, эс алып, сапарларын улантууга жакшы шарт түзүлгөн. Түнкү саат он бирге чейин иштешет.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!