Мурдатан маалым болгондой 2016-2017-окуу жылындагы бардык бүтүрүүчүлөргө республика боюнча табели туура эмес басылган аттестаттар берилген болчу. Анткени аттестаты деген сөзгө -сыз деген мүчө уланбай, ката басылган.


Маалыматтарга караганда “Тартип” басмаканасы жараксыз табелдерди кайрадан басмадан чыгарды.

Ак-Талаа РБББнүн башчысы Каныбек Эсеналиев: “Мындан эки жума мурда 20 даана табель келген. Ал чет мамлекетке окууга кетүүчү бүтүрүүчүлөрүбүзгө жазылып берилди. Район боюнча бардык 384 бүтүрүүчүнүн аттестаттары келди. Учурда мектеп жетекчилерине таратып берип жатабыз. Жер-жеринде жазылып, бир-эки күндүн ичинде берилет. Ал эми эски табелдер мектепте чогултулуп, андан соң акт менен жокко чыгарылат дейт.
Даярдаган: Мамытбекова Г.