“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада орто мектептер ремонттон өттү

2 Август 2017 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 147

Ак-Талаадагы  орто мектептер жаңы окуу жылына карата  учурдагы   (текущий)   ремонттон өткөрүлдү. Райондогу   18 орто  мектепти  ремонттоого республикалык бюджеттен 581мин сом бөлүнгөн. Бул каражат  менен мектептерди толук каптиалдык ремонттон өткөрүүгө   дээрлик мүмкүн эмес.  Акыркы жылдары  ремонт үчүн   каражат  имараттын же андагы окуу бөлмөнүн  чарчы метрине жараша эмес,  окуган баланын санына жараша бөлүнүп калган.

Ак-Талаа райондук БББнүн башчысы Эсеналиев Каныбек:  “Бөлүнгөн акчага актап, сырдоо иштерин жасайбыз.  Ошондо да толук жетпейт.  Чынында көйгөлүү  маселе бар. Ата-энеден да жардам бергиле деп айта албайбыз. Айрым айыл өкмөттөр   мектептерге колунан келишинче жардамдарын беришүүдө. Бирок ушуга карабастан мектептер   ремонттолуп бүттү”  дейт.

Эске салсак;  КРнын Билим берүү жана илим министрлигин буйругуна ылайык билим берүү мекемелери 2017-жылдын 1-августуна карата ремонттолуп бүтүшү керек болчу.  Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын алгач тиешелүү министрликтин комиссиясы кабыл алары белгилүү болду.

Даярдаган: Г.Мамытбекова