“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыргыз тил күнүнө арналган декада жыйынтыкталды

28 Сентябрь 2017 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны: 363

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө  карата жарыяланган  декада бүгүн жыйынтыкталды. Декаданын алкагында мектепте ачык класстык сааттар, конференциялар, линейка  өткөрүлдү. Мектепте 9-класстын  окуучулары  арасында   “Эне тилди данктайбыз” деген ураан менен  волейбол боюнча  спорттук мелдеш өтүп, 9а-классынын окуучулары 1-орунду жеңип алышты.

Ал эми кыргыз тили жана адабияты методикалык секциясы   “Эне тилим-менин дилим”  аттуу адабий- музыкалуу кече даярдашкан.  Кечеде  кыргыз  акындарынын  эне тилин даназалаган   ырлары көркөм  окулду.

Ошондой эле  балага ат коюу  салты көрсөтүлүп  “Бешик ыры”,  “Шырылдаң”,  “Бекбекей”  ырлары ырдалды.  Методикалык секциянын жетекчиси Айгерим Сатыналиеванын айтымында ар бир окуучу  кыргыздын патриот  уулу катары  кыргыз тилин сүйүүсү, сактоосу зарыл. Мындай   тарбиялык мааниси терең иш чаралар мектепте дайыма өтүлүп турат.

Даярдагандар:  Нурбек кызы Аймырза,  Кубанычбекова Эльвира