“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Аз кыймылдуулук- ашыкча салмак»

4 Октябрь 2017 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 213

Ак-Талаа райондук  үй-булөлук дарыгерлер борборунун ден соолук кабинети  “Аз кыймылдуулук- ашыкча салмак”аттуу мекемелердеги кыз-келиндер  арасында волейбол жана теннис   боюнча  мелдеш  уюштурду.Мекемедеги иштеген айымдар катышып,күчтүүлүгүн көрсөтүштү.

Волейбол оюнунда Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери 1-орунду, Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери  2-орунду, аялдар кениши 3-орунду  камсыз кылышты. Ал эми теннистен  1-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Капарбекова Гулжаз, 2-орунду Үй -бүлөлүк медицина борборунан Жылдызбекова Жанара камсыз кылды. Ден соолук кабинетинин жетекчиси Э.Акматалиеванын айтымында: Ашыкча салмактан арылуу үчүн көп кыймылдап ,ден соолугуна кам көрүп, машыгып туруш керек. Албетте ар дайым кыймылда болуу ашыкча салмактан арылтат. Баардык оюнга катышкан кыз-келиндер командаларына  ыраазычылыгын айтты.

Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай