Бүгүн Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Ага райондун аймагындагы орто мектептерде, бала бакчаларда жана кесиптик лицейде эмгектенген алдынкы мугалим, тарбиячылар менен бирге жергиликтүү ардагер мугалимдер, бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.

Агартуучуларга арналган салтанатты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев ачып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Ал эми райаким С.Черикбаев: “Биз баарыбыз мугалимден билим алганбыз. Сиздердин эмгек баалоого, сыйга, сыймыкка татыктуу.Эмгегиңиздерди ар дайым сыйлайбыз” деди. Мындан сырткары Аялдар кенеши, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Ак-Талаа райондук бөлүмү, мекеме жетекчилери куттуктоолорун билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин концерттик программасы менен коштолду.
Даярдагандар: Жылдызбекова Алтынай, Байтерекова Алтынай