Бүгүн Ак-Талаа районунда мугалимдерге арналган салтанаттуу иш-чарада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланышты. КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Кулманбетова Анара,
Т.Оторов атындагы орто мектебинин мугалими Сулайманова Назгул, Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурдөөлөтова Светлана ж.б;
КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Айткожоева Айнура, М.Базаркулов атындагы орто мектебинин мугалими Суранчиев Таалайбекке тапшырылды.
Ал эми мугалимдердин кесиптик бирлигинин төш белгиси менен Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалими Тоялиева Жылдыз, “Жаш балаты” балдар бакчасынан Буйлашова Рейна, М.Баетов атындагы орто мектебинин директору Шерматова Гүлайым сыйланды.
Райондук администрациянын Грамотасына Жакыпова Айна, Кожоева Жыргал, Какаева Гүлмира, Исамамбетова Майрам, Байсеркеева Гүлайым, Акималиева Чынара, Алымбекова Эльмира татыктуу болушту.Ал эми “Ыйык тил” төш белгиси менен Э.Мейманов атындагы орто мектебинин директору Молдокматов Туякбек, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Кусөрманбетов Рүстөм сыйланды.
Ошондой эле КРнын “Ардактуу айымы” төш белгиси менен Рысбаева Чолпон,Кыргызстан Аялдар Конгрессинин белектери менен Баязова Айнура, Садыкбаева Бакыт, Макелеева Нургүл сыйланды.Ак-Талаа райондук билим берүу бөлумүнүн Грамотасы менен Жакыпова Сьезд, Абдыбачаева Айзадаа, Апасова Аида, Жыргалбек кызы Атыр ж.б сыйланышты.
Мындан сырткары бир нече мугалимге райадминистрациянын майрамдык белектери берилди.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнун башчысы, милициянын подполковниги Рахат Мурзакматов өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда бөлүм менен байланышта иш алып барган Э.Карасартов атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Э.Жыргалбековага жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин тарбия иштерин уюштуруучусу Гүлбарчын Мамытбековага Ардак Грамота тапшырды. Тагырак айтканда кесиптик майрамга карата райондогу 81 мугалим ар кандай сыйлык, майрамдык белектердин ээси болушту. Даярдагандар: Жылдызбекова Алтынай, Байтерекова Алтынай