Ак-Талаа районунда үч күндөн бери мезгил-мезгили менен суу аралаш жааган кар айрым айылдарда электр жарыктарынын өчүп калышына алып келүүдө.


Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Сарыков, Манас кыска көчөсүнүн бир тарабындагы үйлөрдө бир жарым суткадан бери электр жарыгы жок.

????????????????????????????????????
Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Турганбеков Таалайдын айтымында жогоруда айтылган көчөлөрдү жарык менен камсыз кылуучу электр зымдары суулуу кардан улам замыкание берип, трансформатор иштебей калды. Учурда оңдөп-түзөө иштери жүрүүдө. Буюрса жарык берүү калыбына келтирилет.
Даярдаган: Г.Мамытбекова