Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышып, «Күзгү кийимдер парады, жемиштерди кооздоп кесүү-карвинг, мастер класс жана дубал газеталар сынагы» тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Күзгү кийимдер парадына 11-а,в, 9а.б,-класстарынын окуучулары жакшы даярданып, өткөн кылымдарда кечелерде айымдар кийилген кийимдердин үлгүсүн көрсөтуштү. Ал 10б-классынын окуучулары колго кантип оригиналдуу белек жасоону, билерик жана моюнча жасоону көрсөтүп беришсе, 9б-классы ден-соолукка пайдалуу азыктардан күзгү салат жасап, дасторконго коюну, жасалгалоону көрсөтүштү.

Дубал гезиттер тапшырмасы боюнча 8а-классынын күрүч, буудай менен жасалган эмгеги өзгөчөлөндү.

Ал эми карвинг-жемиштерди кооздоп кесүү боюнча бардык класстын окуучулары жакшы даярданышкан.
Даярдаган: Кубанычбекова Э