“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар Кыргыз эл акыны Н.Алымбеков менен жолугушту

23 Октябрь 2017 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны: 172

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алдында   “Ыйман”  диний маданиятты өнүктүрүү  фондусу тарабынан даярдалган тарбиялык мааниси терең  фильмдер көрсөтүлдү. Андан соң  Н.Алымбеков   окуучуларга жетишкен  ийгилиги, чыгармачылыгы жөнүндө  айтып берди.

Өз сөзүндө бардык ийгиликке билим, аракет жеткирерин кошумчалады.

Ал эми жаш окумуштуу, ‘экономика илимдеринин доктору  “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун ” жетекчиси Амангелди Жумадилов  келечек  ээлерин жакшы окууга, билимдүу, ошол эле учурда тарбиялуу, ыймандуу  болууга, улууларды, ата-энени сыйлоого чакырды.

Окуучулар Н.Алымбековго   кызыккан суроолорду берип, акындын белектерине ээ болушту. Ошондой эле аталган фонд тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсү болду.

Андан соң  акын мектепке  китептерин жана Курандын өзү которгон  кыргызча   вариантын белек кылды. Жолугушуунун соңунда   окуучулар эстелик  үчүн   акын менен  сүрөткө түштү.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова