“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Москвадагы Акталаалыктар айылдашына жардам беришти

24 Октябрь 2017 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 135

Россияда  иштеп  жана жашап жүрүшкөн  Акталаалык жигиттер  жакында Баетов айылынын тургуну Казиев Замирге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.

“Ак-Талаа биримдиги”  коомдук бирикмесинин төрагасы   Самат Асаналиевдин айтымында Москвада иштеген Жанарбек аттуу  акталаалык жаран   бул жолу  жердештери менен чогуу  айылдагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  замандашы Замирге менен жардам беришти. Алар  Замирдин үйүнө  3тонна  көмүр түшүрүп, 1 мешок  ун жана 1 козу жеткирип беришти.

“Албетте  жердештерибиздин  жашоосуна кайдыгер карай албайбыз. Колубуздан келишинче мындан ары да жардам берүүнү уланта беребиз”  дейт С.Асаналиев.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова