“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар арасында аскердик мелдеш өттү

24 Октябрь 2017 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны: 357

Баетовдо окуучулардын арасында   “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу  аскердик мелдеш болуп өтту. Ага   К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү класстын окуучулары катышты. Алдын ала берилген жобо боюнча мелдеш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана аскердик даярдыктарга үндөө максатында уюштурулуп,  катарда марш менен басуу, сапка тизилүү, автомат чачуу жана жыйноо, аралыкка чуркоо, турникке тартылуу тапшырмалары боюнча күч сынашты.

Оюндун жүрүшүндө айрым окуучулар тапшырмаларды аткарууда артыкчлыктарды көрсөтүшсө, айрымдарынын даярдыктары начар экени белгиллүү болду. Мелдеш Ак-Талаа РИИБү тарабынан уюштурулуп, женүүчүлөргө белектер берилди.

Калыстардын чечими менен 1-орунду Ш.Бейшеналиев  атындагы орто мектеби, 2-орун Э.Карасартов  атындагы орто мектептеринин окуучулары камсыз кылышты. Ал эми 3-орунду К.Молдобасанов мектебинен келген команда ээледи.

Даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира