Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин китепканасына 200гө жакын мугалимдер үчүн методикалык жана адабий китептерди тапшырды.

Эженин айтымында азыркы жаш мугалимдерге берилген китептер методикалык жардам болот. Анткени балдарга талаптагыдай билим берүү үчүн изденүү керек. А изденүү жалгыз эле интернет менен чектелбейт. Китептен өткөн байлык жок. Анын үстүнө азыр мугалимдерге таяныч китептер чыкпай калды.

“ Бул китептер үйдө тургандан көрө керекке жарасын . Азыркы жаш мугалимдер жалкоо. Эптеп эле сабак берип кетүүгө шашат. А бирок ошо 45 мүнөт баланын келечеги үчүн маанилүү экенин ойлогулары келишпейт” дейт. Шакен эженин агалары бүт мугалим. Аларды тааныгандар “Үй-бүлөсүн мугалимдердин династиясы” деп айтышканын кошумчалады. Жарым кылымдык өмүрүн агартуу тармагына арнаган ардагер эженин жолун жолдоп келини Жылдыз Асанкожоева башталгыч класстарынын мугалими.
Даярдаган: Г.Мамытбекова