Бүгүн Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДГе каршы күнүнө карата иш-чара болду. Анын алкагында дубал гезиттер сынагы , 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Ш.Бейшеналиевдин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.




Иш чараны ден соолук комитети, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, аймактык оорукана жана спорт комитети менен бирге уюштурду.

Иш-чарага катышкан адистер учурдагы СПИД оорусу жөнүндө кенири маалымат беришти. Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн катчысы А.Молдалиева веложарышка активдүү катышууну айтты жана атайын сыйлыктар берилерин белгиледи. Ошондой эле мындан сырткары аталган датага байланыштуу санитардык дубалгезиттердин көргөзмөсү болуп, сценкалар көрсөтүлдү.

Ал эми веложарышка Баетов айылындагы 24 өспүрүм катышып, байгелүү орундар менен сыйлыктарды Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары алышты.




Алар 1-орунду Бакыт Макенов, 2-орунду Алмаз Мамбетов, 3-орунду Кылымбек Жамалдинов, 4-орунга Дастан Абдылдаев камсыз кылышып, уюштуруучулардын акчалай сыйлыктарына жана дипломдоруна татыктуу болушту.
Даярдагандар: Байтерекова Алтынай, Айылчиева Улукбү