Жакында белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өткөн. Ага Ак-Талаа районундагы Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары да катышты. Аталган мектептин мугалими Исаева Нурайымдын айтымында алгач мындай сынакты райондук денгээлде өткөрүп, күүлөрүн жана ырларын аткарууда жогорку чеберчиликти көрсөтүшкөн окуучулар республикалык сынакка катышууга жолдомо алышкан. Сынакка жалпы 25 катышуучу болсо, алардын арасында оркестрде ойногон тажрыйбалуу комузчулар, мугалимдер да болгон. Сынакка Ак-Талаа районунан Эсенгулов Чынболот, Жээнбеков Аслан катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. “Калыстар тобунда белгилүү комузчулар Намазбек Уралиев, Рахат Көчөрбаев, Нурзат Орозалиева“Камбаркан” оркестринин дирижеру Рысбек Жумакунов жб. болушту. Катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата улуу жана кичүү муун деп эки топко бөлүнүп бааланды”-дейт Н.Исаева.

Кичүү муундагы аткаруучулардан 1-орунду Эсенгулов Чынболот камсыз кылып, Диилом жана 20миң сом менен сыйланган. Ал эми Жээнбеков Аслан “Сүймөнчүк” номинациясы менен 5мин сом акчалай сыйлыкка татыган.Чынболоттун айтканына караганда сынактагы ийгиликке жетүүдө мугалим эжесинин эмгеги чон. Сынакта Н.Абдырахмановдун “Соң-Көл баяны”, “Мезгил жанырыгы”, “Аттиллахан” күүлөрүн черткен.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира