Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде кайрымдуулук боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп, кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.





Мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын айтымында окуучуларды кайрымдуу болууга тарбиялоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коргоо жана ден соолукту даназалоо максатында өткөрүлгөн, иш-чара “Ден соолук өмүр булагы, дем берсин бизге бул дагы” деп аталып, окуучулар, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери катышты.



Мындан сырткары айыл тургундарына акция өткөрүлдү. Акциянын негизинде чогулган 3324 сом акча каражаты мектеп жашындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү тогуз балага таратылып берилди.
Даярдаган: А.Байтерекова