“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар Улуу Жазуучу Ч.Айтматовду эскеришти

14 Декабрь 2017 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны: 588

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Улуу Жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата   “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын”    аттуу иш-чаралар уюштурулду.  Анын алкагында   атайын бурч уюштурулуп,  жазуучунун  өмүр жолуна, ишмердигине арналган,  чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөр,  жарыкка чыккан китептери  көргөзмөгө  коюлуп, эскерүү линейкалары өттү.

\

Окуучуларга  видео жүгүртмө аркылуу   жазуучунун  өмүрү чыгармачылыгына арналган   тасмалар,   көркөм фильмдерден  үзүндүлөр көрсөтүлүп, жазуучунун өмүрүндөгү урунтуу учурлар тууралуу кенири маалымат берилди.

Ошондой эле окуучулар жазуучунун  чыгармаларындагы  Жер-Эне, Толгонай, Бугу-Эне  жана  Султанмурат, Авалбек, Авдий, Кириск  ж.б балдардын образдарын көрсөтүштү.  Мындан сырткары  3-4-класстын окуучулары   Ч.Айтматовдун   “Бугу-Эне”  чыгармаларын сахналаштырышты.

Мектептин кыргыз тили жана адабияты методикалык секциясынын жетекчиси Сатыналиева Айгеримдин айтуусунда  иш-чаралар  Чынгыз Айтматовду, анын дүйнөгө таанымал чыгармаларын даңазалоо, чыгармаларындагы  “Канткенде адам уулу адам болот”  идеясы аркылуу окуучуларга тарбия берүү болуп саналат. Сөзсүз эле 12-декабрь  күнү эмес,  бардык учурда мындай иштер жүрүп туруусу зарыл. Иш-чаралар мектептин кыргыз тили жана адабияты  мугалимдери тарабынан уюштурулду.

Даярдаган:   Эльвира Кубанычбекова