“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаш мугалимдер арасында мелдеш-оюн өттү

14 Декабрь 2017 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны: 255

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде   Улуу жазуучу  Ч.Айтматовдун   туулган күнүнө карата  жаш мугалимдер арасында     “Билерман ордо”  мелдеши өттү. Анда “Кызыл  алма”  жана  “Биринчи мугалим”  командалары күч сынашты.  Оюндун жүрүшүндө     жазуучунун өмүр баяны, чыгармалары, ишмердигине байланыштуу суроолор берилди.

Уюштуруучу  Какаева Гүлмира: “Мындай оюн жаш мугалимдердин билимин, интеллектуалдык денгээлин, ишке болгон  жоопкерчилигин, кызыгуусун максатында   мезгилдүү өткөрүлүп турат.  Ар кыл багытта өтөт. Бул жолу Улуу жазуучунун ишмердүүлүгүнө  арналды. Берилген ар бир суроонун   денгээлине жараша  баасы бар. Мисалы татаал суроо болсо, баасы да жогору. Оюнда акча ойнотулат. Мектепте жаш мугалимдердин фонду бар. Каражат ошол фонддон алынат”  дейт.. Оюндун жыйынтыгында “Кызыл алма”  командасынын капчыгына 180 сом түшүп,   жеңүүчү болду.

Даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира