Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында үчүнчү орунду алышты. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда катышкан.


Мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, команданын жетекчиси Мамытова Керездин айтымында таймаш С.Каралаев атындагы фонд тарабынан уюштурулду. Окуучулардын жол киреси үчүн айыл өкмөтү 3000 сом акча каражатын бөлүп берген. Калганын окуучулар өз чөнтөктөрүнөн төлөп барып келишти. Таймаштын жыйынтыгы менен женүүчү болгон бардык командаларга фонд тарабынан адабий китептер, медалдар менен сыйланышты. Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Айгүл Капарова аталган команда өткөн жылы райондук таймашта биринчи орунду жеңип алган.
Даярдаган: Г.Мамытбекова