Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын экинчи туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын биринчи турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.





Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эсеналиев Каныбек комиссия мүчөлөрүнө: Бут тосуу болбосун. Тааныш-билиш кылбаныздар. Күчтүүнүн күчтүүсү чыксын. Бүгүн акылдуу, чыгармачыл, күчтүү, ар тараптуу окуучулар жеңет деп ишенебиз. Биз ар дайым күчтүүлөрдү колдоого даярбыз” деди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери окуучуларга жана комиссия мүчөлөрүнө олимпиаданын өтүү жол-жоболору боюнча түшүндүрмө беришти.


Учурда өтүп жаткан олимпиаданын бир өзгөчөлүгү мурда биринчи орунду гана алган окуучу райондук турга катышууга мүмкүндүк алып келсе, бул жолу жаңы жобо боюнча биринчи жана экинчи орунду камсыз кылган окуучулар олимпиаданын бардык:райондук, облустук жана республикалык туруна катыша алышат. Комиссиянын курамы олимпиадага катышуучу окуучусу жок мектептин мугалимдерибинен түзүлдү. Олимпиада бир күн менен жыйынтыкталат.
Даярдаган: Г.Мамытбекова