“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мугалимдер арасында спорттук мелдеш старт алды

11 Январь 2018 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 200

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде   мугалимдер  арасында   волейбол боюнча спорттук мелдеш  өткөрүлдү.  Мелдешти Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери уюштуруп,  8 команда оюн көрсөттү.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:  “ Оюн   негизинен 18 орто мектепте өрөөн болуп уюштурулган.  Негизги максаты мугалимдерди спортко үндөөгө, ден соолукту чыңдоого  багыт берүү болуп саналат. Суукка байланыштуу азырынча  спорт залы бар мектептерде уюштурулат. Ал эми март айында  эжелер арасында өтөт”  дейт. Оюнду уюштуруучулардын бири  Азамат Үмөтовдун айтымында  шерине-оюн катары улам бир мектепте окуу жылы  аяктаганча уюштурулат. Командалар  оюндун журүшундө мыкты оюн көрсөтүшүп,  жыйынтыгында   1-орунду  С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин  командасы камсыз кылса,  2-орунга Б.Мусүралиева атындагы мектептин командасы чыкты. Ал эми Ш.Бейшеналиев мектеби  3-орунга ээ болду.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кийинки шерине-оюн   Жаны-Тилек айылындагы  С.Жусупбаев атындагы  орто мектебинде февраль айында өтөрү белгиленди.

Даярдагандар:   Байтерекова Алтынай, Мирлан кызы Улукбү