“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар Афган ардагерлери менен жолугушту

20 Февраль 2018 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны: 328

        Мындан 29 жыл мурда   15-февраль күнү  Афган жергесинен акыркы советтик жоокер чыгарылып кеткен.  Ошондон бери бул дата өлкөбүздө     Афган согушуна катышкан  ардагерлер күнү  катары белгиленип келет. Мына ушул күнгө  байланыштуу   Ак-Талаа районундагы  Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде  Афган согушунун ардагерлери   Шералы Мурзабеков, Мамбеткалый Артыков  менен жолугушуу болду.  Жолугушууну мектептин өзүн-өзү башкаруу уюму уюштурду.

Жолугушууга келген ардагерлер    окуучуларга баштарынан өткөргөн  кооптуу   учурларды, кызыктуу окуяларды    айтып  беришип, каалоо-тилектерин билдиришти.  Иш-чара учурунда  ардагерлер   менен кызыктуу оюндарды уюштурушуп,  логикалык суроолорго жооп ала алышты.  Мектеп парламентинин президенти Абдыбекова Кылымайдын айтуусунда бул  жолугушуу-жаш жеткинчектерди   патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында уюштурулду.

Жолугушуунун сонунда эстеликке сүрөткө түшүп, арнаган белектерин тартуулашты.

Даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира