Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “ТРИЗ-ПЕДАГОГИКА-2018” аттуу семинар-тренинг өтүп, ага Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айылдык мектептердин жетекчилери, мугалимдери катышты. Cеминардын алгачкы бөлүгүндө сырттан келген өкүлдөр мугалимдердин көрсөтмө куралдары, аларды сабактарда колдонуу ыкмалары менен таанышты.







Жаш ойлоп табуучулардын колунан жасалган буюмдар да коноктордун көз жаздымында калган жок. Алар өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жасалган буюмдарын заряд, электр тогу ж.б жардамы менен кыймылга келерин көрсөтүп беришти.




Андан соң меймандар мектептин музейинде болушуп, Ак-Талаанын тарыхы, окумуштуулары, акын-жазуучулары, кыргыз эли колдонгон буюмдар тууралуу маалыматтар менен таанышышты.





Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Сатындиева Чынар: “Бул семинар чыгармачылык ой жүгүртүүлөрдү жаны инновацияларды окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багыттоо максатында өттү. Мугалим дайыма жаңыча ой жүгүртүп, ар бир сабагына жоопкерчилик менен бирдей эле, изденүүчүлүк, чыгармачылык менен мамиле кылуусу жана сабакта жаңы технологияларды колдоно билүүсү зарыл. Замандын талабы ушундай. Бүгүнкү семинардын адатта өтүлүп жүргөн семинарлардан өзгөчөлүгү бар.Бүгүн келген кесиптештерибиз үчүн пайдалуу ыкмаларды бере алабыз” дейт. Даярдаган: Г.Мамытбекова
Сүрөттөрдү тарткан: Кубанычбекова Эльвира, Нурбекова Аймырза, Тынычбекова Назими