Ш.Бейшеналиев атынгдагы орто мектебинде өткөн семинардын экинчи бөлүгү мугалимдердин таймашы менен уланды. Анда насаатчы, чыгармачыл, жаш мугалимдер жана бирден окуучудан турган “Пирамида” , “Эрудит”, “Билим нуру”, “Незабудки-life хаки” командалары катышты. Таймашты мектеп директору Ү.Күсөрманбетов ачты. Ал эми Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методиси Ж.Буйлашов мугалимдерге ийгилик каалады.



Командалар таймаштын жүрүшүндө өзүн-өзү тааныштыруу, окуучуга жагымдуу маанай тартуулоо, жаңы ыкмалар же инновациялар колдонулган бир сабактын фрагменти, рефлексия (сабакты стандарттык эмес үлгүдө жыйынтыктоо) жана педагогикалык менеджмент өңдүү тапшырмаларды аткарышты.






Семинарга келген мугалимдер командалардын сабактарына жигердүү катышып жатышты.





Ал эми окуучулар “Мугалим-чебер устат” деген темада 8 мүнөттө эссе жазышты. Таймаштын жүрүшүндө тапшырмаларды аткаруу чеберчиликтери атайын калыстар тобу тарабынан бааланып жатты. Бардык командалар тапшырмаларды аткарууда артыкчылыктарды, сабактын өзгөчөлүү формаларын көрсөтүүгө аракеттеништи.




Жыйынтыгында “Пирамида” командасы “Мыкты команда” деп табылып, атайын кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми “Чыгармачыл мугалим” номинациясына башталгыч класстарынын мугалими Мамбетказиева Рахат татыктуу болсо, “Жаш мугалим”- Жумакадырова Мөөрканга ыйгарылды. “Лидер окуучу”- деп Айбекова Асель аныкталды. Мектеп директору Үрүстөм Күсөрманбетов сыйлыктарды тапшырып жатып, командалардын таймашка даярдануудагы изденүүлөрүн, сабактарды өтүү ыкмаларындагы өзгөчөлүктөрүн баса белгиледи.

Сонунда калыстар тобу таймаш боюнча ой-пикирлерин айтышты.



Тыныгуу убагында мектептин ыр-бий ийриминин катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Сүрөттөрдү тарткан: Эльвира Кубанычбекова, Аймырза Нурбекова, Тынычбекова Назими