Ак-Талаа районунун Баетов айылында К.Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө 12-октябрь куну «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу аккордеон айымдар тобунун концерти болуп өттү. Зал толо көрүүчүлөр келип,колдоп отурушту.Топто Кыргыз Республикасынын ардактуулары, маданияттын мыкты кызматкерлери, Токтогул, Тоголок Молдо , Ж.Шералиев, Р.Абдыкадыров атындагы төш белгилеринин ээси, аккордеончулар топтун жетекчиси Талас жергесинен келген Белек Бапытаева, Ак-Талаадан чыккан Бурул Дүйшеева жана Нарын жеринен келген Назгүл Эсенгулова.

Ошондой эле концерттин коноктору ырчы Буракенова Гулянда, айтылуу торгоюмду сыздаткан,дастанчы Айтбүбү Атамкулова жана жолдошу ырчы, комузчу Кычан Шаршенов, Мусанын урпактары жана «Ак-Мөөрдүн синдилери» элдик тобу болду. Концертте аккордеон, комуз жана башка музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен кыргыз ырлар аткарылып, бий менен коштолду. Сыйлыктар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, каалоо-тилектер айтылды.




«Бул топтун уюшулганына эки жылга чукулдап келе жатат. Биздин тушообуз 2018-жылы 5-майда Тенир тообуз Нарындан, Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүнөн кесилди. Концерттин аталышы «Мен сени сүйөм, өмүр»деп аталат. Бизди колдоп келген көрүүчүлөргө рахмат айтам» — дейт топтун мүчөсү Бурул Дүйшеева. Концерт 13-октябрь күнү Тоголок Молдодо, 14-октябрь күнү Ак-Талда болот. Белек Бапытаева жана Бурул Дүйшеева буга чейин Сочинин Адлер шаарында 28-августта болгон Кыргызстан, Азербайджан жана Ѳзбекстан өлкөлөрүнүн эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке катышып келишкен жана Россиянынын дагы башка шаарларында концерттерди коюп, чон ийгиликтерди жаратууда.
Даярдаган: Муктарова Аймырза