“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кылмыштуулукка жол жок

18 Октябрь 2018 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 216

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 18-октябрь күнү атайын ички иштер тарабынан уюшулган «Кылмыштуулукка жол жок» деген темада жыйын болуп өттү.Жыйындын максаты кылмыштуулукту, ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу. Жыйын Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек, акимдин орун басары Карагулова Кенже, социалдык коргоо мекемесинин кызматкерлери, Ак-Талаа райондук билим-берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, дин кызматкери Жээнбеков Жаныбек, ички иштер бөлүмүнүн  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Бермет Мамбеталиева,  9-10-11-класстын окуучулары ,  мугалимдер жана ата-энелердин катышуусу менен болду.

Жыйында ар кандай маселер ортого салынып, ата-энелер,окуучулар , мугалимдер менен бирдикте талкуу жүргүзүлдү. Мектептердин ынтымагын кантип чыңдоо керектиги тууралуу ойлор айтылып, пикир алышуулар болду. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окучусу Ѳмүралиева Бегай: «Ынтымакта бололу, бизге кур намыстын кереги жок. Биргеликте Ак-Талаанын, Нарындын, Кыргызстандын намысын коргойлу» деди. Жыйындын этегинде жаш акындардын  ынтымакка,биримдикке арналган ырлары окулду.

 

Даярдаган: Муктарова Аймырза