“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кара-Бүргөн айылына 60 жыл

22 Октябрь 2018 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 304

Быйыл Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылына 60 жыл. 60 жылдыкка карата көптөгөн иш чаралар, спорттук оюндар, ачылыштар болду. Эске салсак Кара-Бүргөн айылы 1956-жылдан баштап негизделген. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 510, Балыкчы темир жолунан 360, Нарын шаарынан 150, Баетов айылынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кара-Бүргөн айыл аймагынын территориясында ажайып кооз жайлоолор, тоолор, курорттук аймак болчу корукка алынчу жайлар жайгашкан.  1958-жылы толук эмес орто мектеп, дүкөн, айылдык кеңештин жана колхоздун конторасы курулган. Бүгүнкү күндө Кара-Бүргөн айылында 1 орто мектеп, 1 маданият үйү, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 коомдук мончо, 1 бала бакча, 5 тегирмен, 1 байланыш бөлүмчөсү коммуналдык кызмат көрсөтүүдө. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык айылдык кеңештин аткаруучу тескөөчү органы болгон айыл өкмөттөрү түзүлдү жана Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчылыгына Маданбеков Жоломан дайындалган.  Азыркы Кара-Бүргөн айылынын ушундай аталып калышы бир кездерде айыл турган жерде жалаң шыпыргы сыяктуу кара куурай өскөн. Ушул куурайды Кара-Бүргөн деп аташчу, ошондон улам айылдын аты Кара-Бүргөн деп аталып калган. Жаман-Даван дарыясы, Конокбай-Үңкүр, Ажыдаар-Ийин, Бөйрөктүн тузу, Жылуу-Суу мазары, Жылуу-Суу байыркы көрүстөнү, Коргошун кени деген тарыхый жерлер бар.

20-октябрь күнү Кара-Бүргөн айылдык Адылбек Кыязов атындагы маданият үйүндө чогулуш болуп, айылдын таржымалы, айылдын түптөлүшүнө салым кошкон адамдар тууралуу айтылып, айылда жүрүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилди. «Жеңиш жаштары» коому , айылдык ишкерлер тарабынан демөөрчүлүк кылынып ачылган  күрөш залынын ачылышы жана Кара-Бүргөн айылынын тургуну Таалайбек уулу Хамзат тарабынан уюшулган парктын ачылышы болуп, паркка Таалайбек уулу Хамзаттын атасы Төлөев  Таалайбектин аты берилди.

Ошондой эле 60 жылдыкка карата улуттук оюндардын 6 түрү: кыргыз күрөш, көк бөрү, аламан жарыш, жорго салыш, кунан чабыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өттү. Ошондой эле айылдык командалар арасында волейбол оюну ойнолду. Мектептин аянтында сахна уюштурулуп, 20-октябрда бардыгы  Бугучиев Тынчтык режиссёрлук кылган театралдаштырылган концерттик программага күбө болушту. Андан кийин мектептин спорт залында демөөрчүлөргө, айыл асакалдарга, сырттан келген конокторго сый тамактар берилди.

 

Кара-Бүргөн айылы тууралуу маалымат Мыктыбек Апилов тарабынан түзүлгөн  «Ак-Талаа районунун энциклопедиясы» китебинен алынды.

 

Даярдаган: Муктарова Аймырза