2018-жылдын 10-сентябрынан баштап БУУ, Кыргызстан жаштар уюму жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү биргеликте «Адам сатууга 100 күн» акциясын уюштурушкан . Акцияда жер жерлерде ар кандай конкурстар, флешмобтор, дебат, конференциялар, спорттук мелдештер, маалыматтык жоолугушууларды өткөрүп, 2-ноябрь күнү «Нарын жаштар ордосу» Ак-Талаа ройонунун Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жана Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 10-11-классынын окуучулары менен маалыматтык жолугушуу өткөрүштү.



Жолугушуунун маани-максаты адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү. Анда окуучулар менен пикир-алышуулар жүрүп, активдүү катышкан окуучуларга белектер берилди. Ошондой эле адам сатуу тууралуу маалыматтар берилип, бул кылмыш экендиги тууралуу түшүндүрүүлөр жүрдү. «Нарын жаштар ордосунун» кызматкери Алтынай Ибраимбекова адам сатуунун 5 түрү жөнүндө кенен маалымат берди. Алар:
«Эгерде чет өлкөгө чыга турган болсоңор туура маалыматарды топтоп, элчилик менен тыгыз байланышта болушуңар керек жана эмне үчүн чет өлкөгө бара жатканыңар тууралуу жакшы ойлонушуңар керек»-дейт Алтынай Ибраимбекова. Ошондой эле «Справочник мигранта» тиркемеси тууралуу айтып беришти. Эске салсак, мындай аталыштагы акция биринчи жолу республиканын аймагында 2017-жылдын 31-июлунан баштап жыл аягына чейин Ош, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында эстафета катары уюштурулган эле.
Даярдаган: Муктарова А