“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган концерт

6 Ноябрь 2018 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 272

К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө бүгүн Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган концертке айыл тургундары күбө болушту. Концертке Ак-Талаадан чыккан таланттуу алып баруучу, куудул Жакут Сыдыков алып баруучу болуп, элдин көңүлүн көтөрүп турду. Ошондой эле Ак-талаадан чыккан таланттар Токтобүбү Черикчиева, Наргиза Абдраева,Сайра Момунбаева, Бакыт Мамаев, Ширин Абдрахманова, Сырга Сагынбекова, Гулянда, Кенже Касмалиева, Токтобүбү кызы Уулкелсин жана башка ырчы, аткаруучулар белгилүү болгон туулган жерге арналган  жана башка ырларды аткарып беришти. Аткаруучулар айыл тургундарын 90 жылдык мааракеси менен куттукташып, концерт кызыктуу өттү.

«Концерт абдан жакшы болду. Маанайыбызды көтөрүп үйгө кайттык. Атайын келип концерт коюп жаткан Ак-Талаанын таланттарына ыраазычылыгымды билдирем. Айылыбыздын, өлкөбүздүн атын алыска чыгарган атактуу инсандардан болушунарга тилектешпиз»— дейт Баетов айылынын тургуну Курманбекова Фарида

 

Дарядаган: Муктарова А