“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган улуттук оюндар.

8 Ноябрь 2018 жыл 16:38
Көрүүлөрдүн саны: 241

Баетов айылынын 90 жылдыгына карата улуттук оюндардын 7 түрү боюнча мелдеш өттү. Алар  кыргыз күрөш, тай чабыш, кунан чабыш, жорго чабыш, аламан байге, көк бөрү жана эр эңиш. Мелдеш Баетов айылындагы Бермет жал ат майданында 7-ноябрь күнү болуп өттү. Утушка ээ болгондорго акчалай сыйлыктар, ошондой эле автоунаа тартууланды. Бул оюндар республикалык деңгээлде өткөндүктөн оюнга республиканын бардык жеринен катышуучулар келишти.

Көрүүчүлөргө жакшы шарттар түзүлүп, бекер тамак – күрүч эти менен таратылды. Ошондой эле жеке сатуучулар суусундук, таттуулар жана башкалар менен элди камсыз кылып турушту. Элдин ат оюндарына кызыгуучулук жогору экенин бул жерге келген элдин көптүгүнөн байкоого болот.  Бирок таштанды салганга эч нерсе жок болгондуктан айлана бат эле таштандыга толду.

Даярдаган: Муктарова Аймырза