“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар арасында «Ынтымак» мелдеши өткөрүлдү

15 Ноябрь 2018 жыл 22:17
Көрүүлөрдүн саны: 227

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында спорттук мелдеш  болуп өттү. Аталган спорттук мелдешти «Ак-Талаа жаштар коому» бирикмеси  окуучулардын ден-соолугун чыңдоо,убактысын туура пайдаланууга жана сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктан арылтуу, ошондой эле окуучулар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурду. Ага Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев жана Б.Мүсүралиева мектептеринин 11-классынын окуучулары катышышты. Оюн мектептер аралык окуучулардын ынтымагын чындоо максатында уюштурулгандыктан, үч мектептин окуучулары өз-ара аралашып, «Достук», «Биримдик», «Ынтымак», «Пантера» жана «Жаштык» командаларына бөлүнүп, күч сынашышты.

Оюндун жүрүшүндө мектеп директорлору дагы бир ирээт сергек жашоого жана ынтымакка чакырышты. Оюн учурунда катышуучулар топ,скакалка, обруч жана башкалар менен ар түрдүү тапшырмаларды жигердүү аткарышты. Тыныгуу учурунда катышуучуларга бекер суусундуктар таратылды. Мелдештин жыйынтыгында оюнчулар кызыктыруучу белектер менен сыйланышышты.

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Мбул оюнга абдан чон ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле мындай оюндарды окуучулар арасында бат-баттан өткөрүп туруу сунушун айтты.

 

Сүрөт сайттын өздүк архивинен алынды.

Даярдагандар: Жумакадырова Мөөркан,Муктарова Аймырза