“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Аракет» фонду олимпиада өткөрүүдө

17 Ноябрь 2018 жыл 18:06
Көрүүлөрдүн саны: 171

Бүгүн, 17-ноябрда Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Аракет» фонду тарабынан кыргыз тили, англис тили, математика сабактары боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага райондун 18 мектебинен келген 4-11-класска чейинки окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Тест жалпысынан 35 суроодон түзүлүп, ага 70 минутадан убакыт берилди. Ѳткөрүлүп жаткан олимпиада тууралуу маалымат алуу үчүн олимпиаданын организатору Равиль мырзага кайрылганыбызда: «Бул олимпиада биринчи жолу бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрүлүп жатат. Олимпиаданын максаты окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана билим деңгээлин текшерүү болуп саналат. Азыркы тапта биринчи турун өткөрүп жатабыз жана биринчи тур 25-ноябрда аяктайт. Ал эми биринчи турдан өткөн окуучулар кийинки турларга катышканга мүмкүнчүлүк алышат. Экинчи тур биринчи декабрдан 16-декабрга чейин Нарын шаарында болот. Үчүнчү тур 10-январдан 20-январга чейинки убакытта Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жалпы Кыргызстан боюнча эң көп балл алган окуучулар үчүн байгелүү орундар камтылган. Биринчи орунду камсыз кылган окуучуга «Acer” үлгүсүндөгү ноутбук, экинчи орунга планшет,  ал эми үчүнчү орун үчүн 5000 сом акчалай сыйлык берилет»-деди.

Даярдаган: Курманбекова Фарида