Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде 29-ноябрда география сабагы боюнча райондук семинар болуп өттү.Аталган семинарга Аскар Турдакунов мектебинин директору Алыбаев Рахат жана 18 мектептин география жана тарых мугалимдери катышышты. Семинарда Э.Карасартов орто мектебинин география мугалимдери Нусупова Чолпон жана Нооганова Гүлзат жаңы технологияларды колдонуп, ачык сабактарды өтүштү. Ачык сабактарга окуучулар активдүү катышып, семинарга катышкан мугалимдердин мактоосуна татышты.



Даярдаган: Муктарова Аймырза