Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өрөөндүк предметтик олимпиада болуп өттү. Жылдагыдай аталган олимпиада Н.Жыргалбекова, Ш.Бейшеналиев жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринде болуп, алдыңкы окуучулар 10 предметтен билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 1-өрөөн боюнча Э.Мейманов, 2-өрөөн боюнча Э.Карасартов, 3-өрөөн боюнча Ж.Сатылганов атындагы орто мектептери 1-орунду камсыз кылышты. Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында өрөөндүк олимпиададан жеңген окуучулар 22-декабрда өтүүчү райондук туруна катышат. Учурда мектептерде мугалимдер окуучуларын даярдап, алдыңкы көрсөткүчтү берүүгө аракеттенип жатышат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза