“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунун аймагында жыл башынан бери 11 өрт кырсыгы катталган.

11 Декабрь 2018 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны: 209

Ак-Талаа районунун аймагында быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 11 өрт кырсыгы катталып, 9 214 94 сомдук социалдык экономикалык чыгымдарды алып келген. Булардын ичинен 5 өрт кырсыгы электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыкса, бешөө балдардын от менен ойноосунан улам болгон. КРнын ѲКМнин Ак-Талаа райондук ѲКК бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кылыч Суранбаев: «Ѳрт кырсыгы эң жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан болот. Кыш мезгилинде от жагуудагы этиятсыздыктан да өрт чыгуусу толук мүмкүн.Биздин бөлүм өрт кырсыктарын алдын алуу максатында райондогу айыл-аймактарда, мекеме-ишканаларда түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турабыз. Ѳрткө каршы ыктыярдуу топтор түзүлүп, алардын милдеттери түшүндүрүлгөн. Ошондой эле эл көп жүрүүчү жерлерде, орто мектептерде иш мерчемге ылайык өрткө каршы тактикалык машыгууларды өткөрүп турабыз»-дейт.

Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова