“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа аймагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди.

12 Декабрь 2018 жыл 21:42
Көрүүлөрдүн саны: 460

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрүлүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ак-Талаа районунун бардык мектептеринде да ар кандай иш чаралар өтүлдү. Алсак, Терек айылындагы К.Молдобасанов атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Кыргыз канча жашаса, Ч.Айтматовдун аты да ошого чейин сакталат» аталышындагы адабий музыкалык кече болуп өттү. Иш чараны мектеп директору Койчуманов Калыс ачып берди. Улуу жазуучуга арналган кечеде 8-а жана 8-б классынын окуучулары тарабынан тартылган атайын видео көрсөтүлүп, «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар», « Саманчынын жолу» чыгармалары көркөм окулуп, «Бугу эне» чыгармасынан үзүндү аткарылды. Бул иш чаранын уюштуруучусу Акыл Медеров : «Айтматовго арналган адабий кеченин эң негизги максаты  жазуучунун чыгармаларын аткаруу менен артисттик чеберчилигин өнүктүрүү, чыгармаларын сүйүп окууга жана чыгармачылыкка, ынтымакка тарбиялоо болуп эсептелет. Кечеде көрсөтүлгөн видеолорду 8-9-класстын окуучулары айылда  өздөрү тартышкан. »-деди.

Ошондой эле Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү театрлаштырып аткарып беришти. Окуучулардын өнөрүнө мектеп администрациясы жана райондук Билим Берүү Бөлүмүнүн адистери күбө болушту.  Бул иш чараны мектептин тарбия завучу Ж.Кубатбекова жана кыргыз тили мугалими А.Абдыбачаева уюштурушкан.

 

Ал эми Ак-Кыя айылындагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинде 10-11-класстар арасында КВН болуп өттү. Анда окуучулар Чынгыз Айтматовго арналган ырларды айтышып, эркин бий, ошондой эле салттуу бий бийлешип, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарып беришти.

К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин 8-класстарынын Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата тарткан видеороликтери.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан, Муктарова Аймырза