“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим берүү мекемелеринде улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жыйынтыкталды.

14 Декабрь 2018 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны: 249

Ак-Талаа районунда жалпы билим берүү мекемелеринде, тактап айтканда орто мектептерде, жана ошондой эле бала-бакчаларда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жыйынтыкталды. Иш-чаралардын алкагында жазуучунун чыгармалары боюнча ар кандай дил баяндар, сынактар, конференциялар, ачык сабактар, адабий кечелер, линейкалар, сүрөт көргөзмөлөр жана театралдаштырылган программалар көрсөтүлдү. Бул боюнча райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мындай деди: «Быйыл бала-бакчаларда  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы абдан жакшы деңгээлде белгиленди. Кичинекей жаш наристелер дагы Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды мыкты деңгээлде аткарып бере алышты. Ал эми орто мектептерде болсо сурөт көргөзмөлөр, жазуучунун чыгармалары боюнча чакан сценкаларга күбө болдук.»

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан