Ак-Талаа районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын Билим Берүүнүн отличниги, КРнын Ардак Грамотасы, КР караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган, бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган Айна Осмонова мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 8 китеп иштеп чыккан. Бул жылы Айна Осмонованын 2 китеби жарык көргөн. Алар тууралуу китептердин автору мындай деди: «Бул китептер методикалык колдонмо китептер. Азыркыга чейин 8 китебим жарык көрдү. Бул жылы «Коомдогу көйгөйлөр класстык саатта» жана «Класс жетекчи үчүн усулдук сунуштар» аталышында китептерди чыгардым. Азыр барган сайын гезиттерди, китептерди сатып алыш кымбатка туруп жатат. Ошондуктан мугалимдердин эмгегине кичине жардам ирээтинде ошол китептерди иштеп чыктым. Ѳзгөчө биология сабагынан берген мугалимдер үчүн, ошондой эле ата-энелер , класс жетекчилер үчүн китептер. «Коомдогу көйгөйлөр класстык саатта» китебимде азыркы коомдо болуп жаткан маселелер, мисалы: түрдүү оорулар (СПИД, туберкулёз, бруцеллёз, анимия), кылмыш иштери тууралуу 20дан ашык сабактар камтылган. Бул китеп 105 беттен туруп, 200 нуска басылып чыкты. Ал эми «Класс жетекчи үчүн усулдук сунуштар» китебим 200 бетке чукул болду. Окурмандар китептерди 110 сом өлчөмүндө сатып ала алышат.»

Даярдаган: Муктарова Аймырза