“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык жаш балбан кыз Казакстанда күмүш медаль тагынды

17 Декабрь 2018 жыл 18:38
Көрүүлөрдүн саны: 366

Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Казакстандын Кустанай шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 2-орунду багынтып, күмүш медалга татыды.

Бул тууралуу балбан кыздын атасы Капарбек уулу Билимбек: «Европанын жана Орто Азиянын мамалекеттери катышкан чоң масштабдагы эл-аралык мелдеште Калмира 53 килограмм арасындагылар менен күч сынашты. Жыйынтыгында, Казакстандын, Ѳзбекстандын күчтүү балбандарын жеңип, Орусиялык балбан кыздан жеңилип калды.»-деди. Белгилей кетсек, балбан кыздын 30дан ашык медалы топтолгон. Ал эми бул жылдын эсебинен 11 мелдешке катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Ал Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан