“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мааракеге арналган энциклопедия жарыкка чыкты.

17 Декабрь 2018 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны: 248

Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине  карата энциклопедия жарыкка чыкты. Бул 300 беттен турган энциклопедия 450 нуска менен жашыл, кызыл, кѳк түстѳ чыгарылды. Энциклопедия айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен каржыланып, ага Ак-Талаадан чыккан комузчу, обончу, аткаруучулар, илимпоздор, спорт чеберлери, белгилүү  ууздар, маданияттын мыкты кызматкерлери, эл агартуунун жана саламаттыкты сактоонун отличниктери, облустун жана райондун «Ардактуу атуулдары», Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, баатыр энелер жана ошондой эле мамлекеттик кызматтын мыктылары жѳнүндѳ маалыматтар камтылган. Баетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Турусбеков Талантбек: “Бул энциклопедияны айылыбыздын тарыхын, айылдан чыккан мыкты-мыкты инсандарды кийинки муундарга калтыруу максатында чыгардык.”-деди.

Даярдаган: Жумакадырова Мѳѳркан