“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучуларды сергек жашоого үндөө

21 Декабрь 2018 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны: 240

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жакында 8-9-10-11-класстар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында баскетбол оюну болуп өттү. Жогоруда аталган оюнду Ш.Бейшеналиев мектебинин мугалими Үмөтов Азамат уюштурду. Командалардын курамында 5 оюнчу болуп, катышуучулар спорттук кийим менен ойношту. Атайын  калыстар тобу түзүлүп, жыйынтыгында 1-орунду 10-в, 2-орунду 9-в, 3-орунду 8-б класстын окуучулары ээлешти. Орун алган окуучулар атайын грамоталар менен сыйланышты. Дене-тарбия мугалими Үмөтов Азамат: «Окуучулар арасында ар кандай спорттук мелдештерди өтүп туруу аларды сергек жашоого, ынтымакка, шамдагайлыкка, эрктүүлүккө, гумандуулук жана башка жакшы сапаттарга үндөйт. Ошондой эле оюндун максаттарынын бири баскетбол оюнун даңазалоо болуп саналат.»-дейт.

Даярдаган: Муктарова Аймырза