“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы соода борбору элге кызмат кылууда

21 Декабрь 2018 жыл 8:02
Көрүүлөрдүн саны: 203

Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн , жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Эмеректерди сатуучу Алмаз Мусамамбетов: «Биздин район алыскы аймактардын бири болгондуктан элди аз болсо да арзаныраак товар менен камсыз кылуу биздин эң негизги максатыбыз. Эмеректердин басы 3500 сомдон 32 000 сомго чейин. Күнүнө 20-30дай адам келет. Бизге кардарлардын каалоосуу абдан маанилүү. Кардарлардын каалоосуна жараша биз буйрутмаларды дагы алабыз»-деди. Ал эми үй тиричилик техникаларынын сатуучусу  Барктабасова Бактыгүл: «Биздин соода борбордон бардык үйгө керектүү нерселерди сатып алууга мүмкүн. Баасы дагы жеткиликтүү. Андан тышкары «Мол Булак» чакан кредиттик компаниясы аркылуу кардарлар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша 3 айдан 18 айга чеийн узартылып төлөө аркылуу (рассрочка) менен алууга мүмкүнчүлүк бар»-деди.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан