“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Нурак Абдрахманов атындагы музыкалык мектеби Жаңы жылдык оюн-зоок кечесин өткөрдү.»

25 Декабрь 2018 жыл 17:47
Көрүүлөрдүн саны: 346

Кайыпбек Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин Жаңы жылдык оюн-зоок кечеси болуп өттү. Аталган музыкалык мектепте тарбияланган окуучулар ар кандай жанрдагы чакан концерт тартуулашты.

Комуз, баян, аккордеон аспабында ойногон кичинекей балдар, кыздардын чыгармалары ыр, бий менен коштолуп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартууланды. Концерттин соңунда балдарга белектер тапшырылды.

Бул тууралуу музыкалык мектептин директору Артыкбаева  Венера   « Мындай иш-чараны биздин музыкалык мектеп жыл сайын уюштурат. Жалпысынан бизде 125 окуучу билим алса, бул кечеге 70 ашык бала катышты. Ата-энелер балдарынын өнөрлөрүнө күбө болушуп, мектеп жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти. Бул Жаңы жылдык кечебиз өз максатына жетип, абдан кызыктуу өттү деп ойлойм. Учурдан пайдаланып, кыргыз элимди да Жаңы Жылы менен куттуктайм» — деди.

Даярдаган : Муктарова Аймырза