“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Ардактуу атуул»наамы 6 адамга ыйгарылды

27 Декабрь 2018 жыл 20:31
Көрүүлөрдүн саны: 339

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө жыл жыйынтыгы белгиленип, 2018-жылдын жыйынтыгы менен  Баетов айылдык кеңешинин төрагасы Капарбек уулу Билимбекке, эр эңиш боюнча III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору Турдубеков Жекшен жана Бердибек уулу Исламга,  жеке ишкерлер Исамамбетов Кылыч, Сыдыков Мурадил жана Мурзалиев Тилекке Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Ыйгарылгын наамдарды жана сыйлыктарды райондун акими Молдокадыров Нурбек салтанаттуу түрдө тапшырды.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан