“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 2 окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылышты.

4 Январь 2019 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 210

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 2 окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Гүлзада Жоробекова: “ “Билимкана” коомдук фонду тарабынан окуучулар аралык олимпиада болуп өтүп, райондук жана облусттук турларда көп упай топтой алышып, республикалык турда да жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Жыйынтыгында, республикалык турда Адис кызы Нургүл 1-орунду, Бакыт кызы Айназик 2-орунду камсыз кылышып, ноутбук жана “ А6” үлгүсүндөгү уюлдук телефонго, медаль жана дипломго ээ болушту”  — деп билдирди.

 

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан