“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Телефондун зыяндуу жактары жөнүндө тегерек стол өтүлдү

23 Январь 2019 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны: 165

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-11-кластын окуучулары жана мектеп администрациясынын катышуусунда  «Азыркы аракет – эртеңки келечек» деп аталган  тегерек стол болуп өттү. Жогоруда аталган иш чаранын максаты окуучуларды телефондон арылтуу, аларды телефонду тура жакка пайдаланууларын жеткирүү болуп саналды. Тегерек столдо окуучулар уюлдук чөнтөк телефондун зыяндуу жана пайдалуу жактары тууралуу талкуу жүргүзүштү. «Эмнеге телефондун кулу болуп бара жатабыз?», «Биздин максат терең билим алуу!» жана башка темалар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.  Ошондой эле окуучулар телефонду качан колдонуу керектиги тууралуу регламент түзүштү.  «Биз ушундай иш чараларды өтүү менен окуучуларды аз да болсо телефондон алыс кыла алабыз»— дейт класстык жана класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Ж.Кубатбекова.

Даярдаган: Муктарова Аймырза