Ак-Талаа районунун Баетов атындагы К.Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө Баетов айылынын тургуну Ж.Оторовага жардам берүү максатында кайрымдуулук концерт болуп өттү. Жеңишкүл Оторова тууралуу толук маалымат бул шилтемеде аркылуу таба аласыздар: http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/?p=4396 Концертти райондук маданият үйүнүн директору Тиленбаева Атыр уюштуруп, ага Ак-Талаалык жаш ырчы, бийчилер келишти. Концерт көңүлдүү өтүп, зал толо эл болду. Ошондой эле көрүүчүлөр атайын урнага акча салып жатышты. «Кайрымдуулук концерттен чогулган акча жалпы 42 миң сомду түздү»-дейт концерттин уюштуруучусу Тиленбаева Атыр . Кеченин соңунда Жеңишкүл Оторованын туугандары аны колдоп келген элге ыраазычылыктарын билгизишти. Айта кетсек, 18-февраль күнү спорт ордосунда кыргыз эстрада жылдыздары дагы кайрымдуулук концерт тартуулашат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза