“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мекеме кызматкерлер арасында волейбол оюну болуп өттү

3 Февраль 2019 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны: 107

Кечээ, 2-февралда мекеме кызматкерлери арасында волейбол оюну болуп өттү.  Бул оюндун максаты мекеме кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө жана ден-соолукту чыңдоо болуп эсептелет. Оюнда 7 команда күч сынашышты. Биринчи орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, экинчи орунду Терек айылынын командасы, үчүнчү орунду «Алтын муун- наристе» бала бакчасынын командасы жеңип алышып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасынын мүчөсү Гүлжаз Капарбекова: «Оюн абдан кызыктуу өттү. 7 команда катышып, үчөөнү жеңип, биз финалга чыктык. Финалда Терек айылы менен күч сынаштык» -деп билдирди.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан